www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байсалов Лениндин эстелиги боюнча пикирин билдирди

Аянттагы Лениндин эстелигин демонтаждоо маселеси боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов комментарий берди.

Анын айтымында, министрлер кабинети советтик лидердин эстелигин башка жерге көчүрүү демилгесин көтөрүүгө ниети жок. Байсалов тарыхты эстеп, андан сабак алуу керектигин баса белгиледи.

«Ала-Тоо аянтындагы Владимир Лениндин эстелигинин макамы 2000-жылы мыйзам менен бекитилген. Ошол себептен ал башка тарапка жылдырылды, Лениндин эстеликтерин демонтаж кылууга биринчилерден болуп Турдакун Усубалиев каршы чыккан. Биз өткөн менен күрөшүп жаткан жокпуз, өткөнгө таянып, бардык жакшылыктарды унутпай, жамандыктан сабак алып, жаңы өлкө куруп жатабыз, министрлер кабинетинин бул маселени көтөрүү планы жок», — деди Байсалов.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин 15-январдагы жыйынында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Бишкектин Эски аянтынан Владимир Лениндин айкелин алып салууну сунуштаган, анткени аянтта дагы бир мамлекеттик ишмер – Турдакун Усубалиевдин айкелин койсо болот деп сунуштады.

Депутат Исхак Масалиев кесиптештерин эстеликке тийбөөгө чакырды, анткени кыргыз мамлекетинин түзүлүшүндө Владимир Лениндин ролу чоң болчу деп жооп кайтарды.

Последние новости