www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Керемет Банк" кадимки тартипте ишин улантып, кардарлар менен ачык кызматташууга даяр экени маалымдалды. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттиги билдирди.
“Керемет Банк” ААК Кыргыз Республикасынын алдыңкы банктарынын бири болуп саналат, улуттук экономиканы өнүктүрүүгө активдүү колдоо көрсөткөн ишенимдүү жана натыйжалуу өнөктөш. Биз өлкөнүн каржылык туруктуулугун камсыз кылуудагы ролубуз менен сыймыктанабыз жана кардарларыбызга жана өнөктөштөрүбүзгө сапаттуу кызматтарды көрсөтүү боюнча милдеттенмебизди так аткарып келебиз” - деди аталган банктан.
“Керемет Банк” ААК улуттук мыйзамдарды жана эл аралык укуктарды так сактоо менен иш алып барат жана ачыктык менен жоопкерчилик принциптерин бекем карманат” - деп кошумчалады.
АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө кеңсеси (OFAC) тарабынан айтылган айыптоолорго жооп катары, банк бул билдирүүлөргө каршы расмий доо арыз менен кайрылат.
Ушул тапта "Керемет Банк" ААК кадимки тартипте ишин улантып, кардарлар, өнөктөштөр алдындагы бардык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарууда. Бул окуялар банктын ишмердүүлүгүнө таасир этпейт жана банк өз милдеттенмелерин так аткарууну улантууда. Бардык филиалдар графикке ылайык иштеп жатат жана операциялык ишмердүүлүк толук көлөмдө жүргүзүлүүдө.
"Биз диалогго ачыкпыз жана жөнгө салуучу органдар, анын ичинде эл аралык аудиттер менен кызматташууга даярбыз. Банктын өнөктөштөрү жана кардарлары жаңы маалыматтар пайда болгон учурда кошумча маалымдалып турат", - деп NazarNews маалымат агенттигине Банк башкармалыгынан билдирди.