www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Испанияда жыл башынан бери сасык тумоого чалдыккандардын саны көбөйгөндүктөн ооруканалар толду.
Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюздары Испаниянын 17 автономиялык башкаруусунун 12синде сасык тумоо пандемиясынан улам ооруканалардын толгондугун билдирип кызматкерлердин жана орундуктардын жетишсиздигин билдиришти.
Испания басма сөзү өзгөчө Мадрид, Каталония жана Валенсия аймактарында көптөгөн ооруканаларда бейтаптардын көптүгүнөн улам бейтаптардын коридорлорго коюлган керебеттерде дарыланып жатканын, тез жардам бөлүмдөрүндө күтүү убактысы 65 саатка чейин жеткен учурлар болгонун кабарлады.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери, сасык тумоого каршы эмдөө алгандардын саны өткөн жылдарга салыштырмалуу 50 пайызга азайгандыгын баса белгилеп, мунун сасык тумоого чалдыккандардын санынынкөбөйүшүнүн маанилүү факторлорунун бири экендигин билдиришти.
Январь айынын башынан бери сасык тумоого чалдыккандардын саны 2-3 эсеге көбөйгөнүнө көңүл бурган адистер, сасык тумоого чалдыккандардын алдыдагы жумаларда дагы да көбөйүшүнүн күтүлүп жатканын эскертишти.
Бир траптан кээ бир ооруканалар Ковид-19 эпидемиясында (2020-2022) болгондой, бет кап кийүү мажбурдуулугун киргизишти.