www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байтик-баатыр ким болгон?

Байтик Канай уулу (1822, Чүй өрөөнү - 1886, азыркы Аламүдүн р-ну Байтик айылы) - солто уруусунун чоң манаптарынын бири. Байтик адегенде Кокон хандыгы менен өз ара ыңгайлуу дипломатиялык мамиледе болгон.

Пишпек чебинин беги Рахматулла-даткага каршы 1862-жылдагы көтөрүлүштүн башында Байтик турган. Солтонун баатырлары Дуулат Көкүм жана Чойбек Рахматулланы жок кылган. Байтик 19-кылымдын орто ченинде Чүй өрөөнүндөгү кыргыздардын Орусия империясынын карамагына өтүүсүнө жана Орусия менен Кыргызстандын байланышын чыңдоого түзден-түз салым кошкон.

1867-жылы солто, сарыбагыш, саяк ж.б. кыргыз урууларынын өкүлү катары падыша Александр IIнин кеңешине катышуу үчүн Санкт-Петербургга барган. Орусия империясына кылган кызматы үчүн ага капитан аскердик наамы ыйгарылып, Анна тасмасына тагылуучу чоң алтын медаль, ыйык Станислав ордени жана каухар чөгөрүлгөн шакек менен сыйланган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости