www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20 000 тонна битум (смола) тууралуу да манипуляция деп эсептейм, анткени Транспорт министрлиги тарабынан ишке ашып жаткан 14 инвестициялык долбоорлорго (кредит жана гранттарга салынган жолдор) сатылып алынган битумду кошушкан эмес! Мындай пикирин жарандык активист Атай Бейшенбек Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Транспорт жана коммуникация министри Осоев мырза менен жолукканда так маалыматтар жок болгондугуна байланыштуу кат жүзүндө жооп бергиле деп суроолорду узатып тарадык эле… Заранее айтсаң дайынданып турмак элек деп мени таң калтырышты… жумушта отуруп дайындануу дагы керекпи?

Булар 1,5 млрд сом тууралуу маселе козголуп жаткан соң ар бир тыйыны, майда-чүйдө суроолорго жооп берсе жарашат эле го… 
20 000 тонна битум тууралуу да манипуляция деп эсептейм, анткени Министрлик тарабынан ишке ашып жаткан 14 инвестициялык долбоорлорго (кредит жана гранттарга салынган жолдор) сатылып алынган битумду кошушкан эмес! 

Ал деле айланып барып бюджет аркылуу төлөнчү долбоорлор да! Эми ошо ПГИ (программа госинвестиции кредит, грант) менен кошо канча битум алынган маалыматты, ТОО “КазахБитум” дан алган 20 000 тонна боюнча келишимди, тендер жарыялоодон мурун базар баасын аныктай албай койгон справка, анан кийинки тендерге базар баасы 50 сом деп аныктаган справкаларды күтүп жатабыз. 

Менин суроо койгонум да ошондо, тендерге 45-47-50 сом деп берип, анан түз келишимди 75,6 сомдон түзгөнү кандай?! Тендерге дароо ошол бааны койсо, баары катышмак да туурабы? Тендердин шарттары да не реальный… тактоо, талдоону улантабыз…", - деген Атай Бейшенбек.

Белгилей кетсек, жарандык активист буга чейин да битум маселесин көтөргөн. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров 1,5 миллиард сомго 20 миң тонна битум алдык деп расмий жарыялаган. Эгерде айтылган сумма боюнча баасын карай турган болсок, битумдун 1 килограммы 75 сомдон айланат.  Базар баасында анын баасы 35, 40 эң жогору дегенде 45 сом болуп жатканда, бул баалар кайдан алынды деп суроо койгон. Транспорт министрлиги Атай Бейшенбектин жазган постунун астына жооп катары маалымат беришкен. Ал маалыматка таянсак, жалпысынан 14 миллион 479 миң 360 долларга 18-март күнү келишим түзүлүп, 20 миң тонналлык битум алып келүү планы коюлган. Бул сумманы эсептей турган болсок битумдун бир килограммы 75, 59 тыйынды түздү. Демек Акылбек Жапаров айткан сумма менен бул эсептелген сумма дал келип жатат. 

Ал эми Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча 1 миллиард 46 миллиондон ашык суумага 16000 битум алынып келинген. Анын орточо баасы 65,4 сомду түзгөн. 

Ал эми, 27-июль күнү Транспорт министрлиги жарым жылдык отчетун берип жатканда 16 013 тонна битум алынды, анын орточо баасы 58 сом 80 тыйындан айланып жатат деп маалымат беришкен. Биринчи айтылган маалымат менен кийинкини салыштырсак ортодогу айырма 335 миллион 800 миң сом болуп жатат. Ошондо битум маселеси козголгон соң 75 сомдон 58 сомго түшкөн.

Буга байланыштуу, Атай Бейшенбек президент Жапаров жана УКМК төрагасы Ташиевге бул маселени дыкуат иликтөөсүн суранып, кайрылган.

Последние новости