www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдиктин 27 өлкөсүнүн ичинен Венгрия менен Польша уюмдун газга болгон суроо-талапты ыктыярдуу түрдө кыскартуу планына каршы добуш берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Венгрия менен Польшанын делегацияларын кошпогондо газга болгон суроо-талапты азайтуу боюнча макулдашылган чаралар жөнүндө Кеңештин жобосун кабыл алуу үчүн бардык делегациялар макулдугун беришти", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 20-июлда Еврокомиссия Европа биримдигинде көгүлтүр отунга суроо-талапты азайтуу боюнча жобону сунуштап, 26-июлда Евробиримдиктин энергетика министрлери бир катар түзөтүүлөр менен макул болушту. Андан соң 2022-жылдын 1-августунан 2023-жылдын 31-мартына чейин жаратылыш газына болгон суроо-талапты акыркы беш жылдагы орточо газ керектөөсүнө салыштырмалуу 15 пайызга ыктыярдуу түрдө кыскартуу боюнча саясий келишимге жетишилди. Мамлекеттер көгүлтүр отунду үнөмдөөнүн жолун өзү тандап алат.

Евробиримдиктин мамлекеттери, мисалы, газ сактоочу жайларды толтуруу боюнча планын ашыра аткарса, милдеттүү үнөмдөө максатын азайта алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости