www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Монголия Республикасынын спорт журналисттер федерациясынын президенти Сато менен КР спорт журналисттер федерациясынын президенти Улугбек Салымбеков Чолпон-Ата шаарында күтүүсүздөн жолугушту. Монгол кесиптешибиз кадимки “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинде дарыланып, үй-бүлөсү менен эс алууга келиптир.

Сато менен алгач Малайзиянын борбору КуалаЛумпур шаарында пандемия баштала электе конгрессте жолугуп, таанышканбыз. Экөөбүз бир куракта болгонго байланыштуу бат эле тил табышып алдык. Монгол кесиптешибиз орусча жакшы сүйлөйт.

Анткени, СССР тушунда Москвада окуган. Ошондо эле кыргыз бир туугандарды жакшы көрөрүн айткан эле. Кечээ Улугбек менен тар чөйрөдө кезигип, бир топко чейин бир туугандарча сүйлөшкөнүн айтты.

“Улугбек менен жолугушуубуз күтүүсүздөн болду. Мени абдан жылуу кабыл алды. Негизи кыргыз менен монгол эли бир атанын балдарынан тараса керек. Улугбекке терең ыраазычылык. Кыргызстанда дүйнөдө жок жакшы санаторий бар экен. Чынында эле ден соолугум жакшы болуп калды”, - деди.

Булак: Азия News гезити

Последние новости