www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык Куралдуу күчтөрүнүн курама командасы Казакстанда өтүүчү "Артиллериялык оттун чебери — 2022" эл аралык сынагына катышуу үчүн жөнөп кеткенин Генералдык штаб кабарлады.
Конкурста Кыргызстандын атынан Куралдуу күчтөрдүн артиллеристтери ат салышат. Маалыматта жоокерлер буга чейин Балыкчы шаарындагы аскер бөлүктүн окуу борборунда толук кандуу даярдыктан өтүшкөнү айтылды.
"АрМИ-2022" иш-чарасынын алкагында өтүүчү эл аралык сынак Казакстандын "Гвардейский" полигонунда 6-августтан баштап 23-августка чейин болмокчу.
Булак: NazarNews.kg