www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байыганда билдирбей экинчи аял алган күйөөмдү кечире аламбы?

"Эркекке ишенгиче эки босогоңо ишен" деген сөздү мурун угуп келчүмүн, бирок азыр толук маани-маңызын түшүнүп отурам. Анткени бул сөздү эркектин кыянаттыгын көрүп сүйүүсү, ишеничи тебеленген аялдар гана түшүнө алат окшойбуз...

Анда кеп башынан болсун. Талгат менен чөнтөктө сокур тыйын жок студент кезде тааныштык. Бирок, ортобузда сый-урмат, сүйүү бар эле. Жалындаган жаштык кезде "байлык-бийликтен сүйүү өйдө турат" деген ой менен бактылуу күндөрдү өткөрүп жүрдүк. 

Мен окууну бүткөндөн кийин Талгат мага үйлөнгүсү келерин айтты. Мен макулдугумду берип бир ай ичинде үйлөнүп-жайланып, жаңы жашоо баштадык. 

Бир ай айылда турдук дагы шаарга келип, ижарага батир алдык. Баардык чыгымды Талгаттын ата-энеси көтөрдү. Биз жумуш таап, мындан аркысын өзүбүз эптеп кетебиз деп ойлодук. Мен кесибим боюнча шаардагы мектептердин бирине жумушка кирдим. Бирок жолдошум жумуш таппай, убактылуу курулушта иштеп жүрдү. 

Жашаганыбыз бир бөлмөлүү батир, оокаттарыбыздан эки төшөк, эки жууркан, идиштерден бир чөгүн, эки кашык, эки чыны эле болчу. Чай ичип олтурганга столубуз да жок болчу, тасмалды жерге жайып тамактанып жүрдүк. Ошондо өзүнчө үй-бүлө болуш деле оңой эмес экенин аңдап жеттик. 

Экөөбүз тең буйруса, жакшы болот, баарына жетебиз, баарын алабыз деп өзүбүздү сооротуп коёбуз. Бирок, чындыгында Талгат жигердүү, жетем дегенине жете турган бала болчу. Ошол сапатына баа берип, жакшы көрүп калгам. Ал менен талаада калбасымды билчүмүн. 

Бир күнү адаттагыдай жумушта жүрсөм Талгат жумушунан кырсыктап ооруканага түшкөнүн айтышты. Барсам буту чыгып кетиптир. Ага чейин деле белим деп жүргөн эле. Ошентип күйөөм үйдө 2 айдай жатып калды. Ал учурда менин боюма да бүтүп калган эле. Жумушумдан келип, үй иштери менен, анан жолдошумду да карап, оор нерселерди көтөрүп жүрүп боюмдан түшүп калды. Талгат өзүн аябай жемелеп, күнөөлүү сезип жүрдү. Аялы менен баласын карай албаган, бага албаган күйөөнүн кимге кереги бар? Мен мынтип жатпасам балабыз тирүү болот эле го деп депрессияга түшүп кетти. Ортобузда ошонун айынан уруш да чыга баштады. Буга чейин экөөбүз бири-бирибизди түшүнүү менен жана ортодогу сүйүүбүз менен жашасак, боюмдан түшүп калгандан кийин күнүгө уруш-талашка айланды. Мен эртең менен жумушка кетем, ал болсо үйдө. Буту көпкө жакшы боло албай ортодон ичип да кетти. 

Ошентип күндөр өтө берди, Талгат 6 ай дегенде жакшы болуп кетти. Айыгып кеткенден кийин, аракты да таштап, кесиби менен жумуш издей баштады. Бул ирет анын жолу болуп өзүнүн кесиби боюнча тагыраагы, жеке компаниялардын бирине юрист болуп жумушка кирди. Башында жаңы чөйрөгө көнө албай кыйналды. Себеби, компаниядагы жумушчулардын көбү чет мамлекеттен билим алган же престиждүү универитеттерди бүтүргөндөр эле. Андыктан алгач, Талгатты теңсинбей жатышты. Бирок жолдошум жумушунан жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, кесиптештери арасында сый-урматка ээ боло баштады. 

Ал ортодо кайрадан боюма бүтүп, уулдук болдук. Бактыбызга бакыт кошулуп, жашообуз өз нугуна түшө баштады. Жолдошум жумушунан көтөрүлүп, чет өлкөгө командировкаларга чыга баштады. Баягы бир бөлмөлүү батир жок. Участок алып, эки кабаттуу үйдүн курулушун баштадык. 5 жыл дегенде үйүбүздү өзүбүз каалагандай кылып тургузуп алдык. 

Жашообуз өз нугунда, 2 уул, бир эрке кызыбыз бар. Алды 11 класста окуйт, кичүүсү 4 класс. Башыбыздан өткөргөн кыйынчылык күндөрдү эстеп, азыркы учурдагы бар нерсебизге шугүр кылып жаша жүрдүк. 
Бир күнү жолдошумдун жумушунда чогуу иштеген коллегалары менен ресторанга бардык. Ал жерден өмурүмдө оюма келбеген нерсени укканда, кулагым тунуп, башым тегеренип кулап калыптырмын. Өзүмө келсем, баары мени тегеректеп карап турушуптур, жолдошум айласын таппай, улам Жылдыз ойгончу деп жатыптыр. Жолугушуу бүтүп, үйгө келдик. Талгат эмне үчүн кулап калдың, эртең врачка көрүнөсүң, ооруканага барабыз деп уктап калды, мен унчуккан жокмун. Ошол түнү кирпик какпай чыктым. Баягы жолдошумдун коллегасы айткан сөздөр кулагыма жаңырып туруп алды. Көрсө, Талгат мени беш жылдан бери алдап жүрүптүр. Анын дагы башка үй-бүлөсү бар экен. Талгаттын экинчи аял алып, дагы бир кызы бар экенин укканда, башымдан ылдый муздак суу төгүлгөндөй болду. Эмне үчүн мындай кылды? Мен жеткен жокмунбу? Экөөбүздүн сүйүүбүздү эмнеге мынча тебеледи? Жакшынакай 3 бала төрөп бердим го? Жаман-жакшылыкта, оор күндөрдү бирге өткөрүп, ысык-суукта бирге болуп, анан мага кылганы ушулбу? деген суроолор эч башыман кетпей койду.

Таң атып, мага айткан коллегасы менен жолугуп, Талгаттын экинчи аялы тууралуу толук билейин дедим. Анын дарегин билип алып, айткан дарекке барсам, эшикти арык чырай, сулууча келген, боюнда бар жаш келин ачты. Анын курсагын караган бойдон эсим ооп туруп калыптырмын. Ал болсо, мени көрүп эки көзү тостоюп, бир да сөз сүйлөй албай туруп калды. Аркы бөлмөдөн “апа, атам келдиби” деген кичинекей кыздын үнү чыкты. Ушундай денем калтырап эмне дээримди билбей, экөөбүз бири-бирибизди көпкө чейин тиктеп турдук. Бир оокумдан кийин, ал келин мени тааный турганын сездим. Кирсем болобу деп сурадым, ошондо өзүнө келди окшойт, өтүңүз деп үйүнө киргизди.

Көрсө, ал Талгаттын аялы, балдары бар экенин билип, экинчи аял болуп жашаганга макул болуп тийген экен. Мага Талгатты жакшы көрүп калганын айтып, биздин үй-бүлөбүздү бузгусу келбегенин, бирок, ал экинчи аял бол дегенде “ЖОК” дей албаганын айтып, ыйлап олтурду. Ичимден жиним келип, кайнап турсам да, анын боюнда бар экенин көрүп, катуу сүйлөй албадым. “Талгаттан башка эркек тапкан жоксуңбу?” деген суроодон башка сөз сүйлөй алган жокмун. 

Менин билип калганымды, Талгат экинчи аялынан угуп, үйгө келип чөгөлөп “экөөңөрдү тең багып кетем, мени кечирип койчу” деп жалдырап жатты. Мен биздин сүйүүбүзгө ушундай кыянаттык кылганын эч кечире албадым, бирок ажырашайын десем да, балдарым атасыз чоңойгонун каалаган жокмун.

Балдарым үчүн эле аны менен жашоону улантпасам, Талгатка болгон ишенич калбай, көңүлүм таштай катып калды. Баарынан мени ызалантканы экөөбүз ушундай бири-бирибизди катуу сүйүп, оор күндөрдү бирге жеңип, баардык нерсеге чогуу жеткенде каяктагы эле бир аял даяр нерсеге келип алганы болуп жатат. Билбейм... айтыш кыйын... мен Талгатты кечире аламбы же жокпу... Бирок, бир билгеним балдарым үчүн жашообузду улантышыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости