www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Жозеф Байден Конгресс бекиткен бюджеттин жоктугунан 1-октябрдан тарта Америка өкмөтүнүн иши токтоп калышы ("шатдаун") мүмкүндүгүн жана анын кырсыктуу кесепетин күтүүдө. Бул туурасында РИА Новости Ак үйдүн журналисттеринин айтканына таянып билдирди.

"Ыктымалдыгы жаралып жаткан "шатдаун" тууралуу билдирген Байден анын "кырсыктуу" болорун айтты", — дешкен пресс-пулдан.

Байден "шатдаунду" кантип токтотууну билбей жатканын да мойнуна алган.

"Эгерде мунун жолун билсем, анда буга чейин эле жасайт элем", — деп Байдендин айтканын пресс-пул жазган.

Президент мындай жоопту журналистердин "шатдаунду" алдын алуу үчүн бир нерсе кылууга болобу деген маанайдагы суроосуна берген.

Айтмакчы, Байден америкалык Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери Кевин Маккарти менен мамлекеттик чыгымдар боюнча сүйлөшүү бар экенин белгилеген.

"Спикер америкалык кызыкчылык жана төрагалыктын ортосунда тандоо жасап жатат деп ойлойм", — деген Байден.

Кезектеги "шатдаунга" жол бербөө үчүн Конгресс 1-октябрда аяктай турган учурдагы каржы жылынын толук же кыска мөөнөттүү бюджетин кабыл алышы керек.

Бюджеттин кабыл алынышына администрация менен Конгресске анын көлөмү, финансылоо беренелери боюнча пикир келишпестиктер тоскоол болууда. Ак үй кызматташууга барбай жатат деп республикачыларды күнөөлөсө, сенаттагы азчылык менен палатадагы көпчүлүк (республикачылар) администрациянын иштерине, анын ичинде чек ара кризиси боюнча чечимдерине макул эмес.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости