www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоолуу Карабах Республикасы 2024-жылдын 1-январынан тарта жокко чыгарылат. Тиешелүү жарлыкка таанылбаган республиканын башчысы Самвел Шахраманян кол койду.

"2024-жылдын 1-январына чейин ведомствонун карамагындагы бардык мамлекеттик мекемелер жана уюмдар жоюлсун жана Тоолуу Карабах Республикасы жокко чыгарылсын", - деп айтылат жарлыкта.

Жарлык жарыялангандан кийин дароо күчүнө кирет.

Тоолуу Карабахтын калкы, анын ичинде республиканын чегинен тышкары жайгашкан калк, бул жарлык күчүнө киргенден кийин, андан кийин аймакта калуу же калбоо маселесин өз алдынча чечүү үчүн Азербайжан сунуш кылган реинтеграциянын шарттары менен таанышууга милдеттендирилди.

Белгилей кетсек, мындай чечим акыркы кырдаалдарга байланыштуу кабыл алынган. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости