www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттигиндеги өз булактар ​​ Наманган облусунда жана өлкөнүн башка аймактарында балдардын жапырт уулануусу йоддун ашыкча дозасынан улам болгонун ырасташууда.

Наманган облусунда мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдардын ууланышына себеп болушу ыктымал делген "Антиструмин" (калий йодиди) дарысын чыгарган "Само" фармацевтикалык компаниясы бул окуя боюнча комментарий берген жок.

Бийлик Өзбекстан боюнча миллиондогон балдарды камтыган өкмөттүк эмдөө программасынын алкагындагы көп миллиард долларлык келишим дал ушул фармацевтикалык компанияга кантип берилгени тууралуу айта элек.

Компаниянын кожоюндары Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповго жакын адамдар экени кабарланууда. Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги "Самонун" ишмердүүлүгүн текшерүүдө.

Ачык булактардан алынган маалыматка караганда, "Антиструмин" дарысын жеткирген "Само" фармацевтикалык компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Нодир Юнусов "өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары Интерполдун эл аралык издөөсүндө жүргөн".

Америкалык укук коргоо органдары ага "адам сатуу, алдамчылык, рэкетчилик (опузалап акча талап кылуу) жана коррупциялык уюм түзүү" боюнча айып тагышкан.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Наманганда жүздөгөн балдардын ооруканага жаткырылышы боюнча кылмыш иши козголуп, алдын ала тергөө иштери башталганын билдирди.

Өзбекстанда канча бала йоддон ууланганы тууралуу так расмий маалымат азырынча жок. 21-сентябрда Наманган облусунун Чуст районунда 71 бала ууланган деген шек менен ооруканага түшкөнү гана кабарланган.

"Фергана ньюс" агенттиги "Антиструмин" дарысын милдеттүү түрдө ичип, ооруканага кайрылган балдардын саны 600дөн ашканын жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости