www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews маалымат агенттигине сүрөтчү, философ Асан Турсункулов пара алып кармалган эки соттун буга чейинки караган иштерин тыкыр текшерип чыгуу зарыл экенин билдирди.

-Бир эмес эки сот пара менен удаа кармалды. Эл арасында алар чечим чыгараарда акчага көз каранды болгон учурлары болсо керек деген божомол күчөдү. Айрымдар алардын буга чейинки чыгарган чечимдеринен күмөн санап, кайра  карап чыгуу  керек деген ойлорун айтышууда. Асан ага, бул маселе боюнча  кандай пикирдесиз?

-Соттордун пара алганы боюнча тээ илгертен бери эле сөз болуп келе жатат. Ошол эле учурда мурунку бийликтин учурунда жогорку жактан көрсөтмө болуп келген жана аны толук аткарып келишкени тууралуу пикирлер арбын эле айтылган. Эң негизгиси эки соттун катары менен пара алып кармалышы коомдо болуп жаткан айың сөз анык экенин аныктады. Эки соттун буга чейинки караган иштерин тыкыр текшерип чыгуу зарыл. Ансыз акыйкат ачылбайт. Өлкө боюнча сотторду кайрадан ишин иликтеген топ түзүү керек. Ал жерге жөнөкөй эл арасынан өкүлдөрдү кошуп, элдик көзөмөлдү күчөтүшсө  дурус болмок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости