www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Мичиган штатында токойдо адашып кеткен эки жашар Тея аттуу кыз кайтарган үй иттеринин аркасынан аман калды. Бул тууралуу ABC News басылмасы билдирет.

Маалыматка караганда, 20-сентябрда Брук үй иштерин жасап жатканда кызы көчөдө анын жанында ойноп жүргөн. Аял Теядан үйгө кирүүсүн суранганда ал аны укпай, байкабатпастан токойго качып кеткен. Брук кызынын жоголуп кеткенин байкаары менен окуя тууралуу полицияга жана күйөөсүнө билдирип, кайын агасы менен чогуу издей баштаган. "Биз аны короодон, жолдон издедик, үнүбүз менен анын атын кыйкырып, иттерди чакырдык, анткени алар да жок болчу", - деп эскерет ал.

Бир канча убакыттан кийин издөө иштерине полиция, издөө-куткаруу кызматтары жана жардам берүүгө даяр жергиликтүү тургундар, анын ичинде үй-бүлөнүн досу да кошулган. Төрт сааттык издөөдөн кийин ал Теяны үйүнөн беш чакырым алыстыкта ​​токойдон тапкан. Алгач ал үй-бүлөнүн иттеринин бири ротвейлерди көргөн. Ал ары басып барып башка иттин жанында уктап жаткан кызды таап алган. Үй-бүлө досунун айтымында, эгерде ал дарактардын артында иттерди көрбөгөндө Теяны тапмак эмес. "Иттердин бири Теяга жаздык болсо, экинчиси анын жанына жатып, кайтарып турган. Бул, чынында эле, укмуштуудай окуя», - дейт издөөгө катышкан полиция кызматкери.

Кызды ата-энесине өткөрүп беришкен. Теяны текшерген дарыгерлер окуянын натыйжасында ал эч кандай жаракат албаганын айтышкан. Брук менен Алекс кызын издөөгө катышкандардын баарына ыраазычылык билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости