www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дайынсыз жоголгон блогер Бекболот Турдушев Бишкек шаарынан табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мурда маалымдалгандай, 26-сентябрь күнү Каракол ШИИБне арыз менен Түп районунун 58 жаштагы тургуну кайрылып, 25-сентябрь күнү саат болжол менен 15:00 чамасыда Каракол шаарынан 2012-жылы туулган баласы дос балдарына жолугуп келем деп кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жататкандыгын билдирген.

Аталган билдирүү, Каракол ШИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, издөө иштери башталган.

Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында, дайынсыз жоголгон өспүрүм бала Бишкек шаарында жүргөндүгү белгилүү болгон. 

Көрсө, ал достору менен ошол эле күнү Бишкек шаарына чыгып, алар менен жүргөнү белгилүү болду. Баланын ден соолугуна эч кандай коркунуч жок.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул фактынын себептери жана жагдайлары аныкталып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости