www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин вице-спикери Болот Ибрагимовдун жоругу далайдын оозун ачырды. Дегенибиз, Болот мырза депутаттын ыйгарым укуктарын, милдеттерин түшүнбөгөндүгүн айгинеледи.

Жеңил пиар, хайп издеп Октябрь районунун акиминин сүрөтүн киши бою кылып чыгарып алып көчөдө сүйрөп жүрдү. Сыртынан караганада карапайым калкка   адилеттик издеген образдын чапанын кийгендей көрүнгөнү менен мамлекеттик кызматта иштегендерге жогорку көрүнүш жосунсуз.

Бул көрүнүш социалдык тармактарда талкууга алынып, депутаттын жолдо калгыр жоругуна күлүшүп, айырымдардын оозун ачырды.  Айтор, «бакага алтындан таажы кийгизсең да чалчыкка секирет» дегендей эле болуп калды. 

Болбосо, эл өкүлү катары акимдин кетирген алешемдиктерин, мыйзамсыз иштерин Жогорку Кеңештин трибунасынан көтөрүп, тиешелүү органдарга протоколдук тапшырма бердирип иштесе болот эле. Анткени азырынча депутат катары укуругу узун жана баары колунда турат. Болбосо блогерлер жасай турган же жаш бала кылбаган ишти жасап, акимдин сүрөтүн көчөдө «маникен кылып бырылдап» жүргөнү бир аз туура эместей.

Последние новости