www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистан АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүү процессин жандандыруу үчүн дипломатиялык аракеттерин күчөттү. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Тахир Андраби билдирди.

Исламабад тараптарды сүйлөшүү столуна кайтарып, тынчтык жана туруктуулукту камсыз кылууга аракет кылып жатканын белгиледи. Акыркы күндөрү Пакистандын өкүлдөрү Иран, Сауд Арабиясы жана Кувейт менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Ошондой эле Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви Тегеранда Ирандын президенти Масуд Пезешкиан жана башка жогорку кызматтагы өкүлдөр менен сүйлөштү. Анын Иран жетекчилигине Пакистандын премьер-министри жана армия башчысынын билдирүүсүн жеткиргени маалымдалды.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги маселелеринин бири, Ормуз кысыгындагы кеме каттамдарын жөнгө салуу. Иран кысыктагы көзөмөл укугун талап кылса, АКШ коммерциялык кемелердин эркин өтүшүн жактоодо.

Мындан тышкары, Ирандын мунай экспорту, санкцияларды жеңилдетүү жана өлкөнүн чет өлкөдөгү активдерин тоңдуруудан чыгаруу маселелери боюнча тараптардын позициялары азырынча дал келе элек.

Пакистан бул пикир келишпестиктерди дипломатиялык жол менен чечүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдү улантууга аракет кылууда.

Последние новости