www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз парламентинде эки ирет депутат болуп шайланган, улуту дунган Сулейманов Бахадыр Искакович деген эл өкүлү бар. Бахадыр Сулейманов депутаттык ишмердүүлүгү менен кошо 2013-жылдан тарта “Кыргызстандагы дунган Ассоциациясы” коомдук бирикмесине төрагалык кылат. Анын депутат жана коомдук бирикменин төрагасы болгонуна эч кимдин ич күйдүлүгү жок. Бирок, Бахадыр Сулеймановдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп олтурууга мыйзамдуу укугу бар беле? Мына ушул суроого жооп берүүсү керек. Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты болгон Сулейманов чын эле кыргыз жараныбы? Же акчаны көргөндө оозунан Алласы түшкөн кыргыз чиновниктеринин чөнтөгүн кампайтып, кыргыз жараны деген паспортту жасатып алганбы?

Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы Сулейманов Бахадыр Искаковичтин өмүр баяны төмөнкүдөй берилиптир:

Сулейманов Бахадыр Искакович

1963-жылдын 4-майында Казакстан Республикасынын Жамбул областындагы Жалпак-Төбө айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1985-жылы Новосибирь институтун “Коомдук тамак-аштын технологиясы жана уюштуруу” адистиги боюнча бүтүргөн. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Юридика факультетин “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1985-жылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров райкерекжарак бирлигинин Киров нан-булочка комбинатынын өндүрүш башчысы болуп иштөө менен баштаган. 1986–1989-жылдары Киров райкерекжарак бирлигинин Киров коомдук тамактануу бирикмесинин өндүрүш башчысы болуп эмгектенген. 1989–1991-жылдары Чүй областынын Кант райкерекжарак бирлигинин директорунун орун басары, 1991–2001-жылдары Чүй областынын Кант дүң-чекене жашылча-жемиш даярдоо кеңсесинин директору болуп иштеген.

2001–2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары, 2003-жылы болсо аталган комиссиянын төрагасы болуп дайындалган. 2007-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бөлүмүндө иштеген.

1996–2000-жылдары Кант райондук эл депутаттар кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2011–2015-жылдары “Ата-Журт” саясий партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутат болуп шайланган. КЭР, ГФР, АКШ, Канада жана Япония менен кызматташуу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттык достук тобунун курамында КМШга мүчө-мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын социалдык саясат жана адам укугу боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү болгон.

2013-жылдан тартып “Кыргызстан дунгандар ассоциациясы” коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы, Кыргызстан элдери ассамблеясынын президиум кеңешинин мүчөсү;

2015-жылдын 4-октябырында “Ата-Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Орусия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын мөчөсү.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

III класстагы мамлекеттик кеңешчи класстык ченине ээ.

Бул расмий маалыматты окуган адам Сулеймановду кыргыз жараны, башка өлкөнүн жараны болушу мүмкүн эмес деп ойлой турганы шексиз. Тилекке каршы, Бахадыр мырза коңшу Казакстандын жараны экени расмий документтер менен такталып жатпайбы.

2013-жылдын 18-апрелинде Кыргызстандагы дунган коомдук бирикмеси Казакстандын Жамбул областынын Кордай райондук ички иштер бөлүмүнө Сулеймановдун казак жараны тууралуу маалыматты тактоо үчүн кайрылуу жөнөтүшөт. Кордай РИИБдин начальниги полициянын майору Баймухамбетов Б. Т. 19-апрель 2013-жылы дунгандардын кайрылуусуна 1963-жылы 4-майда туулган Сулейманов Бахадыр Искаковичтин Казак Республикасынын жараны экенин тастыктаган паспорту бар экенин билдирип, кыргыз эл депутаты болгон Бахадыр мырзанын казак паспортунун көчүрмөсүн тиркеп жөнөткөн. Паспорттун көчүрмөсүндө Сулеймановго 2001-жылы 25-декабрда Казак Республикасынын ИИМи тарабынан 011641574 номуру менен паспорт берилгени, Жогорку Кеңештин расмий сайтында жазылгандай, Сулейманов 1963-жылдын 4-майында Казакстан Республикасынын Жамбул областындагы Жалпак-Төбө айылында туулгандыгы, жашаган жери Тараздын Бауржан Момышулы № 8-үй экени көрсөтүлөт. Бул Казак Республикасынын Кордай РИИБинин расмий каты 2013-жылы келген болсо, Сулейманов кыргыз парламентине 2011-жылы “Ата Журт” партиясынын тизмеси менен депутат болуп келип олтурбайбы. Бахадыр мырза БШКнын көзүн кантип боёп өткөн? Парламенттеги “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев менен ошол фракциянын депутаты болгон Бахадыр Сулеймановду какус-кукус кылганы айтылбады беле. Камчыке да Сулеймановдун казак жарандыгы бар экендигин ошондо билип, ачууланган деп айтылып жүрөт. Казак жарандыгын жашырганы үчүн Бахадыр мырза фракция лидеринен таяк жеп олтурбайбы. Депутат болуп шайланып келген Сулейманов дипломатиялык паспорт да алганга жетишиптир. Ал паспортту дагы казак жарандыгыңызды жашырып алып жатасызбы урматтуу эл өкүлү Бахадыр Сулейманов? Башка өлкөнүн жарандыгы болуп туруп, Сулейманов Кыргыз Республикасынын сырдуу маалыматтарын алууга жол ачкан депутаттык мандатты мыйзамсыз тагынып олтурганын эмне үчүн УКМК текшерүүгө албайт? 2010-жылдын 12-октябрында Сулеймановдун жараксыз документи катары анын 2001-жылы алган казак паспорту көрсөтүлүп, Казак Республикасынын жарандыгынан чыккандыгына байланыштуу деп көрсөтүлгөн. Бул документтин толтурулушу да көп суроолорду жаратат. 2010-жылдагы парламенттик шайлоо 10-октябрь күнү болуп өтпөдү беле. Талапкерлердин тизмеси сентябрь айына чейин эле бекитилип, маалыматтар такталып бүткөн. Эмне үчүн Сулеймановдун жараксыз документи 12-октябрда, шайлоо бүткөн соң толтурулуп жатат? Жарандыктан чыккандыгына байланыштуу деп расмий документти толтуруу мыйзамга туура келчү көрүнүшпү? Же Сулейманов үчүн бир өлкөнүн жарандыгынан чыгуу аялына таарынып “Мен үйдөн чыгып кеттим” деп баса бергенге тетеби? Эмне үчүн расмий баракчада Сулеймановдун Казак Республикасынын жарандыгынан чыгарылгандыгы тууралуу казак президент Нурсултан Назарбаевдин Указы жок? Жарандыкты берүү же жарандыктан чыгарууну бир гана президент чечет эмеспи. Урматтуу эл өкүлү Бахадыр Искакович, сизди казак жарандыгынан чыгарган казак президентинин кайсыл датадагы, номур канчанчы Указы колуңузда бар? Сизге кыргыз жарандыгын берүү боюнча кайсыл президент, кайсыл күнү, канчанчы номурдагы Указын чыгарган? Эки өлкөнүн президенттеринин Указын көрсөтө аласызбы? Азыр колуна кишен салынып, УКМКнын жертөлөөсүнө киргизилген Кубанычбек Кулматовго Россиянын жараны болуп туруп, кыргыз паспортун мыйзамсыз алган деп кылмыш иши козголду. Бахадыр Сулеймановдун колунда эки президенттин Указы жок болсо, ага да Кулматовго тагылган айып менен кылмыш иши козголушу керек. Деги эле кыргыз парламенти башка өлкөнүн жарандарын койнуна алып, тыңчыларга толуп калган жокпу. Бахадыр Сулейманов тууралуу биринчи макаланы ушул жерден токтото туралы. Берилген суроолорго депутаттын жообу болор. Сулеймановдун биздин суроолорго далилдүү документтери менен жообу болсо жарыялаганга даярбыз. Экинчи макалада Сулейманов депутат болуп туруп “Кыргызстандагы дунган Ассоциациясы” коомдук бирикмесинин төрагасы катары Кытайдын кайсыл маалымат агенттиги менен канча суммада келишим түзгөндүгү, ал акча кандай жумшалгандыгы тууралуу кенен иликтөөнү бермекчибиз.

Темирлан Токтоболотов

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости