www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Никол Пашинян бийликке келгенден бери, күн сайын кечинде фейсбуктан видеого чыгып, отчет бергенин койгон жок. Реформаларынын көбү коңшу Грузияда Саакашвили ишке ашырган, армяндардын 15 жылдан бери көзүн кызыткан ийгилигин кайталап атат.

Эки жума мурун бир маалда Армениядагы 18 “вор в законе” анан 12 крим авторитет камака алынды. Жеткен коррупционерлердин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, бир депутат генералдын үйүнөн ондогон машине, миллиондогон акча табылганы аз келгенсип, мектеп окуучуларына, аскерлерге жөнөткөн жүздөгөн азык-түлүк коробкалар табылганы элдин кыжырын кайнатты.

Ушул жуманын башында муруңку президент Серж Саргсяндын иниси камакка алынды. Саргсяндын жансакчысы банк эсептеринен төрт миллион долларга жакын параны накталай кылып алып чыгып бараткан жеринен колго түштү. Бизде дагы ушундай жүрүштөр жакын арада башталса экен.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости