www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокурор болуп ишке киришкен Өткүрбек Жамшитов парламенттин алдына келгенде берген убадаларын аткарып жатканы тууралуу эч кандай маалымат айтылбайт. Коррупция менен күрөштү президент күч алдырып, бир канча лөктөр алкымын тыя албаганы үчүн темир тордун артында олтурушуп алып, “Жебеген самсага пул төлөп жатабыз. Биз акпыз” деп коомчулукка үн катып жатат. Өткүрбек болсо ким кандай маселе боюнча камакка алынып жатканы тууралуу ооз ачканга жарабайт.

Эл күтпөгөн камоолор болуп жаткан соң башкы прокурор мырза жок дегенде жумасына бир жолу көгүлтүр экрандан 10 мүнөт маалымат берип турса, эл кимдин-ким экенин айырмалаганга жеңил болмок. “Өткүрбек чоң лөктөр менен кармашууда өткүр эмес экен, шөмтүрлүгүн көрсөтүүдө” деген сөздөр да ошондон улам чыгууда. Эгер бул баланын ордуна жүрөгүндө жалыны бар башка прокурор болгондо Атамбаевди деле талаш жараткан кол тийбестигине карабай эки күндө олтургузуп коймок. Ага азыркы Конституция деле жол бермек. Анда Кыргызстандын баардык жараны мыйзам алдында бирдей деп жазылып турбайбы. Болгону ал үчүн дух керек.

Булак: “Жаңы ордо

Последние новости