www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиевдин (жумушчу тобунун жетекчиси) башчылыгы алдында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу тобунун кезектеги жыйыны өттү.
Жумушчу тобунун отурумунда төмөнкү долбоорлорго сын пикирлер жана сунуштар талкууланды:
- 2018-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын долбоору;
- Стратегиянын максаттарына жетүү боюнча иш-чаралардын Планынын долбоору боюнча 2018-жылдын 26-июнунда өткөрүлгөн Коомдук диалогдун жүрүшүндө келип түшкөн сын-пикирлер жана сунуштар;
- Жумушчу тобунун мүчөлөрү чечимдерди жогоруда көрсөтүлгөн сунуштардын ар бири боюнча добуш берүү менен кабыл алды.
Натыйжада жумушчу тобу тарабынан Стратегиянын жана иш-чаралар Планынын долбоорлорунун акыркы версиялары кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын жоболорун аткаруу менен эми бул долбоорлор бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин кароосуна киргизилет.
Булак: NazarNews.kg