www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек-Ош альтернативдүү жолду куруу боюнча чечимди Алмазбек Атамбаев кабинетинде Калык Султанов жана Сапар Исаков үчөө эле кабыл алып койгон деп айтышат. Ошол жолго бир миллиард долларга жакын каражат сарпталары да чын. Каражат баягы эле Кытайдан келген карыз. Жакынкы күндөрдө чуулгандуу маалыматтар тарап, ал жол курулушуна төрт-беш эсе кымбат чыгымдарды жаздыртып, акча уурдалганы боюнча айтылып башталды. Азыркы транспорт министри Жамшитбек Калилов ошол жолду куруп баштагандардын бири болуп, «тийиштүү органдар текшерсин, тиешем жок» деп гезитке берген интервьюсунда актаныптыр.

Депутат Улукбек Ормонов ар кандай шек саноолор көбөйүп кеткендигинен улам, парламенттин тийиштүү комитетинде жолду иликтөөгө алууга чакырып, депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап, ага мурунку жол министри Кубанычбек Жумалиевди төрага кыла турган болду. Эми Жумалиев баштаган депутаттык топ эки ай бою альтернативдүү жолго корогон чыгымды текшерип, айтыла элек сырларды жалпы жыйынга алып чыгат. Кытайдан келген карыздардын жарымы дайынсыз жок болуп кеткени ачыкталып жатты эле, жок дегенде кан жолго колун салбаган болсо экен дүнүйө дегенде көзү кызаргандар.

Булак: “Жаңы Ордо”

Последние новости