www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев өзүнө карата козголгон кылмыш ишти азыркы бийликтин "саясий өч алуусу" деп баалады. Бул тууралуу ал "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Президенттин иниси Асылбек Жээнбековду депутаттык мандатын тапшыруусун талап кылганым үчүн менден өч алып жатышат. Тергөөгө барууга даярмын, эч жакка качпайм. Байлыгым да жок.

Мискенбаев "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин жетекчилигинен жана "Мегаком" компаниясындагы кеңешчи кызматынан быйыл апрелде кеткенин кошумчалады. Азыр "Айкөл Ала-Тоону" Амантур Жамгырчиев башкарууда.

Быйыл мартта Мискенбаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, иниси, парламент депутаты Асылбек Жээнбеков мандатын тапшыруусу керектигин билдирген эле. Муну ал "үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөө" аракети деп сыпаттаган. Асылбек Жээнбеков муну чагымга теңеп, мандатын тапшырууну же калтырууну эл чечерин айткан.

29-июнда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин жетекчилигине карата Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш ишин козголгонун маалымдаган.

Алар апрель окуясынын катышуучуларын социалдык колдоо үчүн 2,1 миллиондон ашык сомго бааланган көмүрдү өөнөгөн деп айыпталууда. «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесин 2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта жарадар болгон жарандар түзгөн. ​Аны Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан (КСДП) парламентке депутат болуп, былтыр мандатын тапшырган Мээрбек Мискенбаев жетектеп жүргөн.

Быйыл апрелде “Айкөл Ала-Тоо” коомунан 78 киши бөлүнүп чыгып, өз алдынча “Айкөл таза коом” уюмун уюштурган - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости