www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын таарынычы жазылабы?

Көрсө, “А. Атамбаев кыргыз элине миң жылда бир келген кесепет…”,   ​деген сөзү үчүн гана “төңкөрүш жасоого аракет кылды” деген жалаа жабылып, азыр түрмөдө жаткан экс-вице-премьер-министр Б. Талгарбеков туура эле айткан тура. Себеби Ошко же 40 адамдын өмүрү кыйылган Дача-СУга караганда Анкарага түрк президенттери шайлоодо жеңсе деле, баласын үйлөп той өткөрсө деле заматта учуп барып, “аби эле аби” деп балкондо жанына тура калчу АША “жылан чакпай, жылкы теппей” Р. Эрдоган менен да касташып, боордош түрк эли менен да мамилебиз бир аз сууй түшкөн болчу.

Ага карабай Түркия бийлиги элибизге болгон боордоштук мамилесин өзгөртпөгөн менен (Түркияда эки миңге жакын кыргыз студенттер, мигранттар окуп, иштешет. Бир гана Кыргызстандын жарандары бул өлкөгө визасыз кирип, 90 күн жүрө алышат) расмий Анкара менен Бишкектин ортосу сууй түшкөн. Ал тургай мамлекеттик деңгээлде шайлоолордун жыйынтыгы чыкканда бир барак куттуктоо жиберилбей калган учурга жеткен.

Кыргыз-түрк мамилесинин ал кезде сууй түшкөндүгүнүн башкы себеби айланып келип эле кыргыз бийлигинин эки жыл мурда ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинин уюштуруучусу деп айыпталган түркиялык динаятчы, учурда АКШда баш калкалап жүргөн Фетхуллах Гүлендин Кыргызстандагы билим берүү мекемелери менен бизнесин ооздуктабай, “бул биздин ички ишибиз, өзүбүз билебиз…” деп моюн толгоп койгондугу болуп саналат. Ошол эле учурда Казакстан, Түркмөнстан (Өзбекстан 1990-жылдары эле “Себат” билим берүү мекемесин жапкан) жана башка мамлекеттер расмий Анкаранын өтүнүчүн кабыл алып, аткарган. Себеби бизде А. Атамбаевдин өзүн билбейбиз, анын тегерегиндегилердин көпчүлүгү гүленчилер болчу. Алар азыр деле жаңы бийликти чырмооктой чырмап алып, чоң кызматтарда иштеп атышат…

Ал эми С. Жээнбековдун алгачкы КМШ аймагынан тышкары чет мамлекетке расмий сапарынын Түркияга жасалышы өтө туура болду. Анкара да кыргыз президентин өтө жогорку деңгээлде тосуп алып, бир топ эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Бирок түрк президенти С. Жээнбеков менен болгон жолугушууда гүленчилер маселесин козгоп, “алар эртеби, кечпи силерге да коркунуч жаратат…”, деп түз эле айтты. Азырынча кыргыз бийлиги бул суроого ак да, көк да деп жооп кайтара элек. Ал арада жакында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Балыкчыда мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” мектебинин ачылышы эки өлкөнүн мамилесине залака кетирерин айтып, нааразычылыгын билдирди.

Ошол эле жолугушууда Р. Эрдоган күзүндө Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюну менен Түрк кызматташтык кеңешинин Кыргызстанда өтө турган жыйынына катышарын жар салган. Баса, Түрк кызматташтык кеңешинин бул саммити мурдагы кыргыз бийлигинин Анкара менен араздашуусунун кесепетинен же Р. Эрдоган келбей тургандыктан гана эки жылдан бери өтпөй келатат.

Эми Р. Эрдогандын сентябрда катары менен өтүүчү Кыргызстандагы эки чоң иш чарага катышары же келери жогорудагы гүленчилер боюнча айтылган талаптарынын аткарылышына жараша болушу мүмкүн. Баарынан да өткөн жумада өзү кайра шайланып, Түркияны парламенттик башкаруудан президенттик бийликке өзгөртүп түзгөн, өзүнүн АК партиясы парламенттеги мандаттын жарымына жакынын (600дөн 295) алып, эки колуна тең бийлик чылбырын кармаган Р. Эрдогандын Кыргызстанга келиши алардын өзүнөн да биз үчүн чоң жаңылык жана олжо болгону турат. Олжо демекчи, акыркы алты жылда, эски бийликтин тушунда эч бир чет мамлекеттин президенти тургай, тышкы иштер министри келип койбогон Кыргызстандын эл аралык деңгээлде кадыр-баркы жогорулайт. Андан тышкары дагы 10 жылдын аралыгында дүйнөнүн алдыңкы 10 мамлекетинин катарына кошулууга умтулуп, Жакынкы Чыгыштагы чоң “оюнчуга” айланган, экономикасы дүркүрөп өнүгүп бараткан Түркиядан Кыргызстанга ири инвестиция, грант, кредиттердин жыты келүүдө.

Чындыгында Түркия бийлиги Кыргызстанды бир тууган, боордош деген менен 50 млн доллар карызыбызды кечкенден тышкары экономикабыз үчүн чоң салым кошо элек. Туура, жакында 1,5 млрд сомду дайынсыз жоготкон Мамлекеттик тарых музейине, Президентке караштуу “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондуна аз эмес гранттык каражат берип, Бишкекте заманбап шарты менен оорукана куруп берди. Бирок бул жардамдар бизге көп көрүнгөнү менен ТИКА аркылуу эле дүйнөнүн 137 мамлекетине көмөк көрсөткөн Түркия үчүн аз эле акча болуп саналат. Андыктан биздин бир тууган, боордош эл экендигибизди эске алганда жана түрктөр кыргыздарды түпкү теги катары санай тургандыгын кошкондо, миллиарддаган долларларды алсак болмок.

Мындай жагдайдын түзүлүшүнө боордоштор эмес, өзүбүздүн бийликтин иштин көзүн билбегендиги жана туура эмес жүргүзгөн саясаты кедерги болуп келди. Ал эми Бишкектеги анча-мынча дүкөн, кафе, курулуш ишканалары гүленчилердин бизнеси болуп саналат. Бирок ал акчаларды алуу айланып келип эле жогорудагы саясый маселелердин кандай аткарылышына барып такалат…

А. Жакыпов

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости