www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Германияга сапары башталды.
Парламенттен билдиришкендей, алгач төрага аталган өлкөнүн парламентинин – Бундестагынын президенти Юлия Клёкнер менен жолугушту.
Тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелерди бекемдөө, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашты.
Марлен Маматалиев Кыргызстан Европа биримдигинде жана эл аралык саясатта маанилүү роль ойногон Германия мамлекети менен бардык багыттарда тыгыз кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи.
"Парламенттер аралык диалогду активдештирүү эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоонун маанилүү фактору болуп эсептелет. Бүгүнкү жолугушуу өлкөлөрүбүздүн ортосундагы саясий диалогду мындан ары тереңдетүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем", – деди ал.
Муну менен катар Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар, анын ичинен соңку парламенттик шайлоонун жыйынтыктары тууралуу учкай кеп кылып, жаңы чакырылышта айым депутаттардын саны 30%дан ашканын айтты.
Төрага өлкөбүздө мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатууга, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүүгө жана ишкердик чөйрөнү жакшыртууга багытталган системалуу реформалар ишке ашырылып жатканын белгиледи.
Маматалиев кыргызстандыктарды Бундестаг тарабынан берилүүчү парламенттик стипендияга кошуу сунушун берип, бул Германиянын мыйзам чыгаруу жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүүгө чоң өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Айрыкча Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосунда жетишилген Кеңейтилген өнөктөштүк жөнүндөгү келишимди, ошондой эле эки өлкө ортосундагы эмгек мигранттарына ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана дипломатиялык паспорт ээлерине виза шарттарын жеңилдетүүгө тиешелүү макулдашууларды Бундестагдан тездетип ратификациялап берүүнү сунуштады.
Өз кезегинде Германиянын Бундестагынын президенти Юлия Клёкнер да Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган делегациянын сапары эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга чоң түрткү берерин билдирип, алакаларды арттыруу жаатындагы сунуштары менен бөлүштү.
Жолугушуудан соң Жогорку Кеңештин делегациясы Бундестагдын имараты менен таанышып, жыйындар өтчү залын көрүп чыкты.