www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бактияр Алиев: «Соцфонд Пенсиялык фонд болуп өзгөртүлбөйт»

Соцфонддун атын Пенсиялык фонд деп өзгөртүү үчүн 6 мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл экенин Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев брифингде билдирди.

«Бул эң аз дегенде 5 айга созулат. Ошондуктан Соцфонд Министрлер кабинетинин алдында Соцфонд аталышы бойдон калды. Эч кандай өзгөрүү болбойт», - деди ал.

Акылбек Жапаров 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттик администрацияныны жетекчиси кызматына анын талапкерлиги каралып жатканда Социалдык фонддун ордуна Пенсиялык фонд түзүлөрүн айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости