www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР эмгек сиңирген артисти Бактияр Токторовдун белгилүү чыгармаларынын бири болгон «Буй-буй» талашка түштү. Бул тууралуу  ЮНЕСКОдогу Кыргызстандын билим берүү, илим жана маданият боюнча туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз өзүнүн Facebook баракчасына жаздып чыкты.

«Буй-буй» ыры боюнча кызуу талаш жүрүп жатыптыр.

Плагиат дегендери да жок эмес экен.

Албетте бул сөздөр чыгарманын аябай популярдуу болуп кеткенинен го дейм. Италиялык блогер да кошумча болду окшойт.

Жеке оюмда бул ырчынын чыныгы ички туюму жана чыгармачылык толгоосу менен жаралган туунду.

Ал эми бирөө 60-жылдары «буль- буль» деп ырдаптыр дегени суу кечпеген сөз. Андай болсо бирөө бир кезде «Ла-ла» деп ырдаптыр ошону үчүн кыргыз обондорунун жарымысы плагиат дей берсек болот деген эле кеп.

Анын үстүнө плагиатты текшере турган эл аралык мекемелер бар, ыр ушунчалык популярдуу, демек алдакачан ал жактан тиешелүү кагаз келмек.

Эң мыкты текшерүү бул Shazam программасы ырды уктуруп көргүлө ошол программага, ошол программа «буль-буль» дебей эле «буй-буй» деп жатса дагы эмнени ойлоп тапканы жатабыз бурадар.

Чыгармачыл адамды күйгүзбөлү (башымдан өткөн) андан көрөк шедеври менен чын жүрөктөн эле, кадимки айкөл кыргыздын урпагындай болуп эле куттуктап коелу.

Бар бол Бахтияр! Бар бол Токторов!

«Буй буй» ырың кыргыздын сыймыгы!», - деп билдирүү калтырган Садык Шер-Нияз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости