www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-июлда Ысык-Көлдүн жээгинде сууга чөгүп кеткен 4 жашар кыздын атасы издөө иштерине жардам сурайт.

Ал видео кайрылуусунда кызынын сөөгүн издөө иштери уланып жатканын, бирок дагы деле жыйынтык жок экенин белгиледи.

Ал киши трагедия тууралуу кеңири айтып берди. Ал ошондой эле, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери шоу үчүн гана иштешет деп айыптады. 

Анын айтымында, алар жетекчиликтин же маалымат каражаттарынын катышуусунда гана издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Кыздын атасы ошондой эле издөө иштерин жүргүзгөн ыктыярчылар жана туугандары бар экенин, бирок алардын саны аз экенин белгиледи. Ал кайдыгер карабаган жарандардан баланы издөөгө көмөктөшүүнү суранды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости