www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бактыбек Калмаматов бошотулган жок

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бактыбек Калмаматов СИЗО-1 абагында 2022-жылдын 9-февралына чейин камакта калтырылды. Бул маалыматты 24-декабрда Биринчи май райондук соту билдирди.

Бактыбек Калмаматов кармалганын 22-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирген.

Калмаматов социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык кастыкты козутууга шектелүүдө. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

«Топтолгон далилдердин жана тиешелүү экспертизанын корутундусунун негизинде Калмаматов 22-декабрда кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө Калмаматовго айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карайт», - деп айтылат маалыматта.

Калмаматов 22-декабрга караган түнү аэропорттон видео кайрылуу жасаган.

Анын айтымында, кичи ажылыкка бара жаткан, бирок чек арачылар ага өлкөдөн чыгып кете албай турганын айтышкан. Ошол учурда УКМКнын кызматкерлери келип, аны күбө катары суракка чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости