www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентте бизнестин өкүлдөрү басымдуулук кылып жаткандыктан, алар акчасыз тура албайт. Чыгашаларын жаптырышы керек болот. Мындай пикирин саясат таануу илимдеринин кандидаты Бактыбек Сейитбаев билдирди.

--"Биз парламентаризмге өтөбүз деп аракет кылып көрдүк. Бирок олигархиянын темир мыйзамы орноп алып, эл менен саясий элита өз-өзүнчө калды. Парламентке барып отурууга татыктуу болгон айрым инсандар четте калып калды. Аймактарда кадыр-барктуу, элге эмгеги сиңген жарандарга да мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Парламент эки палаталуу болсо, депутаттардын санын көбөйтүүгө болот. Бизде бир палаталуу болгондуктан, депутаттардын санын кескин азайтууга болбойт. Анткени мындайда эл өкүлдөрү президенттин иштерин аткарып жүрө беришет", - дейт Сейитбаев.

Ал белгилегендей, депутаттардын саны 90-120нын тегерегинде болушу кажет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости