www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 19-январда өзгөчө кырдаалдар министрлигини башчысы Бообек Ажикеев аппараттык кеңешме өткөрдү, - деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө 2021-окуу жылына карата ӨКМнин аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын жана тажрыйбалуулугун арттыруу максатында болуп өткөн машыгуунун натыйжасында аскер кызматкерлеринине канаатандыраарлык баа берилди.

Кеңешмеде өрт өчүрүүчү унааларды оңдоп-түзөп, аяр мамиле жасоо айтылды.

“Мындан ары, пландаштырылган убакытта өрт өчүрүүчүлөргө теория жана практикалык аттестациядан өтүү милдеттендирилип, кызматкерлердин билими, жаш курагы жана физикалык даярдыгы тыкыр текшерилип турат", –деди Ажикеев.

Ошондой эле жыйында 2021-жылы КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы жана Өрт өчүрүү кызматынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгын белгилөө боюнча тапшырмалар берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости