www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бактыгүл Иманбек кызы: Аңгектен качсаң дөңгөккө...

Президент Садыр Жапаровдун азыркы бардык кабыл алып жаткан чечимдери оңго барсаң атың өлөт, солго барсаң өзүң өлөсүң, түз кетсең экөң тең өлөсүң деген абал... Каякты караба жегичтер, жада калса эми ушунча жылдан бери бир, көзгө басар, сыймыктанаар Эверестти багындырган КРнын атынан альпинист чыкса, анысы да "Кумтөр" ызы-чуусуна кириптер имиш... Президентти кой, эл өзүбүз чийки май жегендей болуп, мактанаарыбызды билбейбиз, же унчукпай кое албайбыз... Мындай учурда президент кантип жатты экен деп ойлонуп отурам? Белек-бечкек, орденин ыйгарып жиберсе, маданият, сыймык, дүйнө, коңшу назар салып турат дегенди уруп да ойнобогон чаар баштарыбыз ажылдап өкмөттүн эшигин тепкилеп чыгат...

Унчукпай көрмөксөн болуп койсо, ал да болбойт. Баатырын сыйлап сый чапан жаба албаган эмне деген бийлик болуп калат? Айтор, өзүм ынгайсыз отуруп, президент кантти экен? деп ойлонуп коём...

Негизи эле Садыр Жапаров мышык ыйлай турган системаны реформалоочу чечимдерди ушинтип эле кабыл алып жатат баамдаган болсоңуздар... Же атын садага чаап же өзүн садага чаап. Атын садага чапкан чечимдерин САЯСИЙ КУУГУНТУК, ӨЧ АЛУУ... деп жатабыз. Өзүн садага чапкан чечимдеринде ТЕСКЕРИ КЕТТИ, КОЛУНАН КЕЛБЕЙТ ДА, ОШОН ҮЧҮН ДА деп келжектеп кабыл алып жатабыз...

Бактыгүл Иманбек кызы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости