www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан - Кыргызстан - Өзбекстан маршруту боюнча баңгизат ташыган уюшкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Такталгандай, уюшкан кылмыштуу топтун уюштуруучусу - Баткен облусунун Кадамжай шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаты О.М.Б. баңгизаттарды Кыргызстан аркылуу Тажикстан менен Өзбекстандын аймагына өткөрүп турган.

Ал 7-июнда Кадамжай шаарында баңгизат сатып жаткан жеринен кармалды. Баңгизаттар Өзбекстанга алынып кетмек.

Ошондой эле О.М.Б.нын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, үйүнөн 9 кг чийки апийим, 4 кг гашиш, 37,5 кг марихуана, 1 ок атуучу курал (уруксат кагазы жок), 232 миң доллар, 42 млн 299 миң 500 сум (өзбек валютасы) жана 106 миң сом акча табылды.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 297-беренеси менен жалпы 3 адам: О.М.Б., О.К.М. жана О.К.А. кармалып, Баткен ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Тажикстандын жарандарынын ичинен бул ишке катыштыгы бар адамдарды издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости