www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Бактыбек мырза, ашыкча салмакты таштоо – бүгүнкү күндүн көйгөйү. 102 килограммдан арылуу сен үчүн оңойго турбаса керек. Ушу жөнүндө кыскача айтып кетсең, канча убакытта, кантип?..

- Бул турмушта жашаш керек экен. Салмагымдын чеги 170 килограммга жеткенде жүрөгүмө кадимкидей коңгуроо кагылып, ашып кетсе жарым жылдык жашоом калгандай туюлду. Жүрөк лакылдап, буттар баспай, дем алуу жагы кыйын болду. Эки кап жүктү көтөрүп жүргөнгө канчалык күчтүү организм, анын ичинде кан айлануу ишин кылган күчтүү жүрөк талап кылынарын акыл-эси бар адам деле ойлонот тура. Бул салмак менен күрөшүш керек болуп калды.

Анүстүнө бир кезде сууда сүзүү боюнча КМС (кандидат мастер спорта) даражасына жеткен эрки күчтүү адам катары баардык нерсени көз алдыма сыдыргыга салдым. Жаратканга жалбарып, “мага ашыкча салмактан арылууга жардам бер!” деп кайрылдым. Жөн эле жата бербестен, өзүмдүн да аракетим күч болду.

Бардык кылып аткан нерсең аша чаап кетпеш керек, ырааты менен, акыл калчап, организмиңди тыңшап иш кылсаң, ойлогон оюң ишке ашат тура. Эң кымындайынан баштадым.

Башында жөөжалаңдап бастым. Анан муздак суу менен куюнам, эстеген сайын муздак суу. Кийинчерээк стол теннисин ойногонду коштум. Бир жолу тоо койнуна кетип калдым. Ошол жакта жаратылыш менен эришаркак жашап көрдүм. Бир жыл сегиз айда 92 килограмм салмак таштадым.

- Мынча салмакты “күр” эттирип таштоодо өзгөчө диета колдондуңбу? 

Андай өзгөчө диета колдонгон жокмун. Бирөөгө жакпайт, бирөөгө жагат. Менин диетам – тынбаган кыймыл жана кыймыл. Кээде огороддо 12 саат бою иш кылган күндөр болду. Албетте, жанды кыйнайсың, ансыз максатыңа жетпейсиң.

- Ошондо салмагың канчага барып, учурда абалың?..

- 170 килограммга жеткем, азыр 68 килограмм. 102 килограмм салмактан бошондум.

- Бүгүнкү жашоо образың тууралуу ой бөлүшсөң?

- Учурда 3-4 килограмм коштум. Мурунку жашоо образым менен салыштырып болбойт. Турмушка болгон көз карашым өзгөрүлдү.

Адамдарга мамилең башкача болот экен. Өзүмдү абдан жеңил сезип калдым. Жаңы келген келиндей, тал чыбыктай ийилип, баардык ички-тышкы жумуштарды өзүм кылып, кээ бирин чуркап барып жасачу болдум. Баш ылдый суу куюп жиберүү жакшы нерсе экенине көзүм жетти. Жайы-кышы дебей өзүмдүн 18 литрлик чакам менен энеден туума жылаңач, бутуң жерге тийип турат үч жолу куюнам.

Бир көз ирмемде организмдин баары ойгонот. Жашоонун рахатын туясың. Жүрөгүңө өзүң аңдай албаган сезим пайда болот. “Стресс тоже в меру полезен” деген түшүнүктү жаратат. Ошол эле учурда организмиңди укканың оң. Мусулманчылыкта “жихад” деген сөз бар. Ар кандай азгырыктар бар. Анын ичинде напсиңе жихад – тыюу салуу кажет.

Кандай болгон күндө да ашыкча салмак – ашыкча жүк. Мындан сырткары, жумасына болбоду дегенде мончого бир же эки жолу барып, ысык бууга эмен шыпыргысы менен чабынып, тер аркылуу организмде табыгий жол менен чыкпай аткан туздарды кубалап турган да ден соолукка абдан чоң пайдасы бар экенин унутпайлы.

Булак: Азия News гезити

Последние новости