www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп Орусия менен Украинаны сүйлөшүүгө чакырды

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинаны жаңжалды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырды. Бул тууралуу The Hill жазат.

Экс-президенттин айтымында, азыр келишим жжолун табуу керек.

"Бул эч качан болбошу керек болгон согуш, бирок болду. Чечим эч качан атуу башталганга чейинкидей жакшы болбойт, бирок бир чечим бар”, - деп түшүндүрдү ал.

Трамп ошондой эле Киев менен Москва сүйлөшүү үстөлүнө отурбаса, анда “өлүм, кыйроо жана кан төгүүдөн” башка эч нерсе калбай турганын кошумчалады.

Буга чейин Американын экс-президенти Түндүк Атлантикалык альянс (НАТО) жаңжал учурунда толук аракетсиздигин көрсөтүп, Украинадагы кан төгүүнү болтурбоо миссиясын аткара алган жок деп билдирген.

"Менимче, 100 жылдан кийин адамдар артка кылчайып: биз артка чегиндик, НАТО артка чегиндик, көп жагынан мен альянсты кагаз жолборс деп атайт элем", - деди ал.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости