www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев менен Аблязовдун байланышы кандай? Же камактагы пенсионер бийликти басып алуудан кайра тартпайт. Бул тууралуу Бактыгүл Жапарова аттуу Facebook колдонуучусу жазып чыкты.
«Жакында мекенинен алыста бозгунда жүргөн казакстандык оппозиционер Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен болгон өз ара келишими тууралуу билдирип чыкты. Мындай билдирүүнү ал өзүнүн YouTube каналына жайгаштырды.
Аблязов Казакстандагы каршылык акцияларына көптөн бери даярданып жүргөнүн, Казакстанга Кыргызстан аркылуу келүүнү көздөп жүргөнүн айтты.
«Маршрутумду аныктап, азыр түрмөдө отурган Кыргызстандын мурдагы президенти менен макулдаштым. Мен атайын каттам менен Кыргызстанга келип андан соң алар мени Алматага тик учак аркылуу жеткирмек.
Чындыгында бул көп жылдык эмгек. Дээрлик төрт жыл биз аянтка барууну, туура позицияны ээлөөнү, полиция менен кандай мамиле кылууну жана башканы түшүндүрүп жаттык» - деди ал.
Атамбаев Аблязов менен эч кандай байланышы жок экенин билдирип чыкты, ал менен эч убакта жолукпаганын жана эч нерсе тууралуу сүйлөшпөгөнүн айтты. «Менин Нурсултан Назарбаев менен болгон мамилемдин 2016-жылдын сентябрынан кийин бузулганы эч кимге жашыруун эмес. Бирок, бул такыр башка окуя...» дейт Атамбаев.
Кыязы, акыркы убакта Борбор Азия регионунда орун алган өтө курч мүнөздөгү коомдук саясий окуялардан улам, коомчулук Аблязовдун Атамбаев менен байланыштары тууралуу билдирүүлөрүн көңүл сыртынан кетирди окшойт. Маалымат олуттуу кабыл алынбай, кезектеги маалыматтык «таштанды» катары калып кетти.
Канткен менен Аблязовдун сөздөрүндө коомчулукка белгисиз сырлар катылып жаткандай. Андыктан, ар кандай сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн экенин жокко чыгарып салууга болбойт.
Атамбаев азыр да бийликке кайра келүүнү, болгондо да «кол чабуулар» менен келүүнү калап жатканын унутпашыбыз керек.
Ал Жээнбековдун бийлигин 3 жыл аралыгында тынбай дискредитациялаган сыяктуу, азыр да ыңгайы келе калган учурда азыркы бийликтин кемчиликтерин чукулап, өзүнө упай топтоо менен алек.
Мамлекет башындагылардын жаза басуулары Атамбаев үчүн көктөн издегени жерден табылгандай эле нерсе. Анын тарапташтары ошол замат Атамбаевди мактап-жактап, аны улуттун куткаруучусу деңгээлине чейин чыгарып жиберүүдөн кайра тартышпайт. Атамбаевчилердин эң жакшы көргөн сөзү: «Атамбаевдин учурунда мындай болгон эмес». Анын үстүнө Атамбаев менен Назарбаевдин салкын мамилеси көпчүлүккө маалым. «Менин душманымдын душманы – менин досум» принцибинен алып караганда Атамбаев Назарбаевдин каршылаштары менен тил табышып кетүүсү толук ыктымал.
Көп жылдан бери бийликте отурган Назарбаевди тактан түшүргөн январь айындагы төңкөрүш Атамбаевдин тарапташтары тарабынан ачык колдоого алынды. Алар социалдык тармактарда уюшкандык менен иш алып барды. Ага кошумча Токаевдин өтүнүчү менен ОДКБнын аскеринин киргизилгенине «жер тепкилеп», нааразы болуп жатышты.
Деструктивдүү күчтөрдү психологиялык жактан коркутуп коюу ролун ОДКБ эң сонун аткарды. Албетте, мындай чара көрүү элдин маанайын пайдаланып, бузукулук ишти жасагысы келгендерди тынчтандыруу үчүн зарыл эле.
Дагы бир момент – башкы «реформачы» катары таанылган Клара Сооронкулова башында турган жарандык актвисттер Казакстанда орун алган кризисте мааниси жагынан бирдей билдирүүлөрдү таркатып жатты. Батышчыл Азаттыктын долбоору – «Настоящее время» Казакстандагы нааразычылык акцияларын биринчи күндөн баштап түз эфирде көрсөттү. Бирок, кырдаал расмий бийлик тарабынан колго алынып, кризистен чыга баштаганда бул медиа ресурс январь окуяларына болгон кызыгуусун жоготкону байкалып турду.
Казакстандын башчысы Токаев жана ОДКБ боюнча өнөктөштөр, мисал үчүн Лукашенко, башаламдыктарга жана кырдаалдын курчушуна сырткы күчтөр кызыктар болгонун жана тиешеси бар экенин кыйыр айтышты.
Уктап жатып да кайра бийликке келүүнү эңсеген Атамбаев андай сырткы күчтөргө «эң ыңгайлуу» өнөктөш болуп бере алмак. «Төңкөрүш жасоо боюнча тажрыйбам бар» деп өзү да мактанып калмай жайы бар эмес беле.
Ошентип, Казакстандагы башаламандыктар коңшулаш Кыргызстандагы бийликти алмаштыруу максатында кезектеги башаламандыкка эң сонун түрткү болушу толук ыктымал эле.
Бул жерде бир эле жыйынтык чыгарса болот: Аблязов жөн жерден Атамбаевди эске салган жок. Атамбаев пенсиясын алып, тынч эс алып, жатып калбайт. Ал кайрадан бийлик сересине чыгууну көздөп, кандай болсо да бийликке жетүүнүн ар кандай варианттарын ойлонуп, анын үстүндө тынымсыз иштөөдө», - деп жазган ал.
Булак: NazarNews.kg