www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен Беларусь 20дан ашык машыгуу өткөрөт

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу быйыл Беларуссия менен 20дан ашык биргелешкен аскердик машыгуу өтө турганын айтты.

Беларусиянын борбор шаары Минскте аталган өлкөнүн президенти Александр Лукашенко менен жолугушкан Шойгу, Орусиянын чыгышынан Беларусияга аскердик бөлүк жана техника жөнөтүлгөнүн белгилеп, эки өлкөнүн биргелешкен аскердик машыгуулары тууралуу билдирүү жасады.

Шойгу "Чыгыш-2022" аскердик машыгуусу боло турганы тууралуу маалыматты берип: "Быйыл бизде 20дан ашык биргелешкен машыгуулар болот", - деди.

Лукашенко да айтылган машыгуулар Украина менен чек араны бекемдөө максатында экенин белгилеп: "Бул НАТО менен Украинанын аракеттерине байланыштуу. Биздин биримдик мамлекетибиз үчүн өтө маанилүү. Абал курчуп баратат. Биз жооп берүүгө аргасызбыз!", - деп айтты.

Беларустун Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Орусиянын аскердик машыгуу үчүн жөнөткөн С-400 абадан коргонуу системалары Беларусияга келди.

Бул системалар Беларусиянын Брест аймагындагы полигондо машыгууларда колдонула турганы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости