www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жапониялык Мари Кондо январдан тарта Netflix аркылуу жеке телешоу программасын алып чыгып, үйдү жыйнаштыруу, ыраттуу кармоонун кереметин көрсөтмөкчү.
Ал чуулгандуу болгон "КонМари" деп аталган ыкманын автору. Анда үйдү эле эмес, мээни дагы тазалап, тартипке салуу керектиги айтылган.
"Сиз үйүңүздү тазалап, жыйноо менен өзүңүздүн жашооңузду дагы, ал тургай өтүмүшүңүздү тартипке сала аласыз",-деп жазат Мари Кондо 2014-жылы жарык көргөн "Магиялык жыйнаштыруу. Үйдү жана жашоону тартипке келтирүүнүн жапондук искусствосу" деп аталган китебинде.
2015-жылы Time журналы Мари Кондону дүйнөдөгү эң таасирдүү кишилердин тизмесине киргизди.
Мари Кондо айтып жаткан ыкма канчалык иштейт?
КонМари
"Үйдү жыйыштыргандан кийин сизге эмне керек же кереги жок экенин даана көрөсүз",-дейт Кондо.
Анын айтымында бул ыкма өтө жөнөкөй: эмнени калтырып, эмнеден арылуу керектигин өзүңдөн сура. Ал буюм сага кубаныч тартуулачу беле? Эгерде буга жооп жок болсо, анда чечкиндүү эле ыргытып жибер. Калгандарын ыраттуу түрдө кутуларга салып коюш керек.
Бирок баары эле ушундай жөнөкөй болбосо керек?
Эстелик буюмдарды эмес, кишилерди...
Жерри Шарп менен анын жолдошу Мари Кондонун айткандарына шыктангандардын бири. Алар Лондондогу үйүндөгү буюм-тайымдарынын үчтөн бирин жок кылышты. Бул аларга кадыресе пайдалуу болуптур.
"Жолдошумда биополярдык бузулуу дарты бар эле. Биз анын иш бөлмөсүн жыйнап, тартипке келтиргенибиз ага абдан жардам берди. Мурда анын иш бөлмөсү чачкын эле",-дейт Жерри.
"Мен дагы көп нерсеге жетишип калдым. Себеби, мени алагды кылган ашыкча нерсе жок. Текчеде менин жакшы көргөн гана китептерим. Эми бул китепти окуй элекмин деген беймаза ойлор мээме келбейт".
Китептерди ыргытуу!(?)
Үйдө 30дан ашуун китеп сактабаңыз деген Мари Кондонун кеңешин айрымдар кыйыр түрдө түшүнсө, кээси түз кабыл алды. Катуу сынга алгандар болду. Бир канча басылмалар буга атайын макалаларды арнаган.
Адабият күйөрмандарына Кондо: "силер үчүн баалуу болгон китептерди ыргытпагыла" деп жооп берди.
"Жыйнап, тартипке келтирүүнүн негизги бөлүгү - сенде эмне буюм-тайым бар жана канчасы сага өтө баалуу экенин түшүнүү...Башкача айтканда, китептер жөнүндө менин эмне ойлогонум маанилүү эмес. Манилүүсү силердин ой-пикириңер. Эгерде кимдир бирөө китепти ыргытат экен деген ой ачууңарды келтирип жатса, демек китептер силер үчүн өтө баалуу экенин көрсөтөт. Бул жыйнап, тартипке келтирүүнүн негизги бөлүгү",-дейт Кондо.
"КонМари" ыкмасын колдонгондордун бири Абигейл Эванстын айтымында, башынан тарта эле бул ыкма ага чоң жардам берди.
"Мен ар дайым таза жана ыраттуу болгонду жактырат элем. Анын ыкмасы болсо, ашыкча күч коротпой эле жыйнактуу болууга жардам берди",-дейт.
Психолог адис Жозеф Феррари бир нече жыл мурун "Үйдүн караңгы тарабы" деген атайын иликтөө өткөрүп, кишилерде буюмдар канчалык көп болсо, алар ошончолук жашоосуна канааттанып, ыкшоо болуп калат деп тыянак чыгарат.
"Биз каалоолорубуз керектөөгө айланган коомдо жашап жатабыз. Мен кишилерге көп айтам: эстелик буюмдарды чогултпай, адамдык мамилелерди жыйнагыла".
Кондо менен Феррари ашыкча нерседен арылууну жактагандардан жалгыз эмес.
Ошол эле учурда Мари Кондонун ыкмасын жашоодогу стрессти көбөйткөн ыкма катары баалап, сынга алгандар дагы бар.
Алардын бири ньюйорктук психолог Вивиен Диллер: "Эгерде сиздин алдыңызда башаламандыкты көтөрө албаган, тынч олтурбай ар дайым бирдемени тазалап же жыйнаштырып эле басып жүргөн адам турса, анда кеп илдеттин белгилери тууралуу жүүрүүдө",-деп жазган.
Колумнист, радио алып баруучу Тим Харфорд болсо АКШнын негиздегендердин бири Бенжамин Франклинди мисал келтирет.
"Ал күндөлүк жазып, мыкты болуш үчүн эмне кылыш керектигин ар дайым кагазга түшүргөн",-дейт Тим Харфорд.
"Өмүрүнүн соңунда өткөн күндөрүнө сереп салып, күндөлүк ага жардам бергенин айткан. Бирок өмүрдө баарын ыраттуу кармоону такыр эле үйрөнө албадым деп моюнуна алган экен".
Булак: NazarNews.kg