www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армения менен Азербайжан ок атышпоо макулдашуусун бузду деп бири-бирин күнөөлөп жатат. Расмий Баку Арменияны жекшембиде Азербайжандагы экинчи ири шаар Гянжага артиллериялык чабуул жасады деп айыптады. Ал эми Азери бийлиги бул чабуулдан 8 жөн-жай тургун каза болгонун, дагы 33ү жаракат алганын билдирүүдө.
"Reuters" жаңылыктар агенттигинин кабарчылары Гянжада артиллериялык аткылоого кабылган бир үйдөн кеминде бир адамдын сөөгүн алып чыгышканын көргөнүн айтышты.
Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжандын мындай билдирүүсүн "толугу менен калп" деп мүнөздөп, азери тарап Тоолуу Карабакты, анын ичинде Степанакерт шаарын аткылаганын билдирди.
Белгилей кетсек, Баку Арменияны "Мингчеви суу-электр станциясына чабуул жасоого аракеттенди" деп да айыптап жатат.
Ошондой эле Тоолуу Карабактагы армян күчтөрүнүн лидери Араик Арутюнян Орусия ортомчулук кылган ок атышпоо макулдашуусу сакталып жатканын, бирок кырдаал дале чыңалып турганын айтты. Ал туткундарды алмашуу 11-октябрда ишке ашышы керек экенин, бирок андан күмөн санап турганын кошумчалады.
Азербайжан менен Армениянын башкы дипломаттары 10-октябрда Москвадагы жыйында ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашкан. Ошондой эле эки тарап туткундарды алмашары кабарланган.
Эскерте кетсек, эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы катары тааныган, бирок иш жүзүндө Ереван колдогон армяндар көзөмөлдөгөн Тоолуу Карабактагы куралдуу кармаш 27-сентябрда тутанган. Анда оор артиллерия, аскердик учактар жана дрондор колдонулган эле.
Булак: NazarNews.kg