www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мэр президенттен үлгү алып, интернеттен күнүгө аткарылып жаткан иштерин жеке өзү жарыялап турса, бишкектиктер ыраазы болмок», - деди бүгүн, 16-августта, NazarNews маалымат агенттигине эксперт Бакыт Бакетаев.

- Бакыт агай, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кандай иштеп жатат?

- Бишкек шаарынын мэри күнү-түнү иштеш керек, анткени Президент, Өкмөт, Жогорку Кеңеш, оппозиция бардыгы шаарда жашайт жана күнүгө мэрдин ишмердүүлүгүн көрүшөт. Мэр президенттен үлгү алып, интернеттен күнүгө аткарылып жаткан иштерин жеке өзү жарыялап турса, бишкектиктер ыраазы болуп, анча-мынча каталарын айтып турат эле. Ошонун негизинде мэр элдин көйгөйлөрүн түз билип турмак.

- Бирок, бир мүнөт да маанилүү болуп турган мезгилде социалдык тармак ашыкча убактысын алып койбойбу?

- Мэрдин социалдык тармакта отурганы убактысын алат, ошондой эле ар кандай туура жана туура эмес сын-пикирлерден чарчайт. Бирок, азыркы замандын талабы ушундай болуп калды. Президент эле жеке өзү интернет аркылуу элге пикирин билдирип жатпайбы, ошон үчүн мэр да ушул нерсени эске алганы туура.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости