www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук бизнес ассоциациялар альянсынын секретариатынын жетекчиси менен маек. Кардарлар банктар накталай акча берүүдө комиссиянын өлчөмүн 5%га чейин көтөрүп, которулган акчаны накталаштыруудан гана эмес, депозиттеги валютасын чыгарып алуудан дагы үстөк кармап калып жатканын билдиришүүдө.

Улуттук банк мыйзам бузуулар бар экенин ырастап, ушундай операцияларды жүргүзгөн коммерциялык банктарга чара көрүлөрүн эскертти. Кыргызстандагы коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө кардарлар нааразы.

-- Которулган доллардан 5% алуу карапайым калктын чөнтөгүн эңшерип жатат. Өлкөбүздө банктарга нааразычылык курчуду. Мында банктардын кызыкчылыгы бардай?

-- Бүгүнкү күндө Улуттук банк биздин финансылык экосистеманы коргогонго көңүл буруш керек эле. Накталай акчаны чыгарганга бөгөт коюлган жок. Чет элдик жарандар долларды цифровой түрүндө банктарга жиберип, же болбосо рубль жиберип, накталай түрдө башка өлкөгө алып кетип жатышат.

Ошонун негизинде кандайдыр бир деңгээлде накталай доллардын жетишсиздиги пайда болгон. Азыр болсо ал жетишсиздик кичине азайып калды. Андан сырткары, банктар учеттук ставканы чоңойткондон улам долларды накталай берүү үчүн 5%дык комиссияны киргизди.

Ошол себептен элге аябай кыйын болууда. 5% – бул чоң комиссия. Негизи чет элдик валюталардын “кара базары” пайда болду. Кээ бир “базарларда” форекске долларларды сатышууда.

Банктардын жалпы кирешеси 7-8 ай аралыгында 10 млрд. сомдон ашып, аябай пайда табышты. Эл болсо чет жакка экспорт кылып саткан товарларынын акчасын алайын десе, банктар ага 5% комиссия коюп жатат.

Ошон үчүн жалпы банк системасына элдин баары нааразы. Менин билишимче, кээ бир ишкерлер акчаларын криптовалютага салып, же башка банктардан накталай алганга аракет кылып жатышат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости