www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15-августта Россия Федерациясынын "Патриот" Конгресс-көргөзмө борборунун аймагында Армиянын эл аралык оюндарынын-2022 ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирет.

Иш-чарага Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, ошондой эле "АрМИ-2022"мелдешине катышкан мамлекеттеринин коргоо ведомстволорунун өкүлдөрү катышты.

Оюндардын ачылышынын алдында жашыл түстөгү танкалар менен кыргыз танкисттери өтүп, аларга 1-дивизиондо салттуу түрдө чыгып келе жаткан Орусия Федерациясы, Кытай Эл Республикасы жана Беларусь Республикасы танкалык мелдештердин туруктуу жеңүүчүлөрү каршы чыгышты.

Эскерте кетсек, "Танк биатлону-2022" эл аралык сынагы 15-августтан 27-августка чейин өткөрүлөт. Сынактын этаптарына жеке жарыш, жарым финал жана "Эстафета" финалдык баскычтары кирет.

Турнирдин катышуучуларынын мелдеш майданында туура багыт алуу, танкаларда башкаруу, окту таамай атуу жана башкаруу боюнча ыктары бааланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости