www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Жетим-Тоо маселесин окумушчулар, адистер талкуулабай ар кимиси өзүнчө геолог, маркшейдер, экономист, эколог, политолог болуп алышты», - деди бүгүн, 16-августта, NazarNews маалымат агенттигине акыйкатчы Токон Мамытов.
- Токон Болотбекович, президенттин Жетим-Тоо боюнча кайрылуусу уу-дуу болгон түрдүү кептерге чекит койдубу? Же элди сооротуу болуп калдыбы?
- Кыргыздын бир сөзү бар: «Хан бир айтат!» Менин оюмча, Жетим-Тоо маселеси Кыргыз Республикасынын Президенти айткандан кийин жабылды болуш керек. Мындан ары бул маселе саясат жактан дагы, ошондой эле экономика жана экология жактан дагы козголбойт болуш керек. Мени капалантканы Жетим-Тоо маселесин окумушчулар жана атайын адистер талкулабай ар кимиси өзүнчө геолог, маркшейдер, экономист, эколог, политолог болуп алышты.
«Эл оозунда элек жок» дегендей сөздөр көп болуп, эл кимди угуп, кимге ишенерин билбей калды. Маселенин башында Өкмөт окумуштууларга жана атайын адистерге тапшырса, алар коомчулука так жана объективдүү жооп беришмек. Бул учурда талаш илим адистеринин ортосунда болмок. Бирок, эл баарын көрүп, түшүнүп, кимдин-ким экенин билмек.
Эске салсак, 14-августта, Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо темир кенин казууга байланыштуу айтылып жаткан кептер боюнча кайрылуу жасады.
Ал кенди толугу менен мамлекет өзү иштетип, бир дагы үлүшү башкага берилбей турганын белгиледи. Бирок аны казуу иштери жакын арада башталбай турганын айткан.
Булак: NazarNews.kg