www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Президент Кыргызстандын реалдуу эпигенетикалык саясий ландшафтын сүрөтүн байкады», - деди бүгүн, 15-августта NazarNews маалымат агенттигине эксперт Бакыт Бакетаев.

- Бакыт агай, президенттин Жетим-Тоо боюнча жасаган кайрылуусу түрдүү кептерге чекит койдубу? Же жөн эле элди сооротуу болуп калдыбы?

- Биринчиден, Президент жеке өзү социалдык желе аркылуу түз элге кайрылып пикирин жазганы чынында эле 30 жылда болбогон нерсе жана, меним баамында, азыркы саясий кырдаалда туруктуулук үчүн абдан пайдалуу кадам.

Экинчиден, Президент Кыргызстандын реалдуу эпигенетикалык саясий ландшафтын сүрөтүн байкады. Не деген өзүнө карата ачуу пикирлерди өз көзү менен окуп, кыргыз коомчулуктун полиформистик пикирин көрдү.

Үчүнчүдөн, «Жетим-Тоо» боюнча айтылган түрдүү сын пикирлерге кыска-нуска аргументелген жооп берди. Окурмандардын көпчүлүгү ынанды.

Төртүнчүдөн, бүгүнкү геосаясий кырдаал көп жылга чейин татаалдашып кетти ошон үчүн эгерде Кыргызстандын экономикасы өтө начарлап кетсе, айласыз чараларга мажбур болобуз деген ойду билдирди.

Эске салсак, кечээ, 14-августта, Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо темир кенин казууга байланыштуу айтылып жаткан кептер боюнча кайрылуу жасады.

Ал кенди толугу менен мамлекет өзү иштетип, бир дагы үлүшү башкага берилбей турганын белгиледи. Бирок аны казуу иштери жакын арада башталбай турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости