www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте адам жок көмүрдү саткан

Бишкекте жабырлануучуга көмүр алып келем деп убада кылган адам акчасын алып, изин жашырып кеткен. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 29-июлунда А.Ж. аттуу жаран Я. аттуу адам былтыр сентябрь айында 18 миң сом алып, көмүр алып келем деп, изин жашырып кеткенин айтып, арыз менен кайрылган.

Бул факты ЭҮП каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Күч органдары кылмышка шектүүнү таап, ал жаран 1991-жылы туулган И.Я экени аныкталып, убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылган.

«Эгерде аталган жаран тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз же зыян келтирген болсо, 0 (500) 03-03-05 жана 102 телефондоруна кабарлаңыз», - деп суранды ИИМ.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости