www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Спорттун Комбат Жиу Житсу боюнча Азия чемпионаты 2026-жылдын 10-11-12-13-сентябрында Кореянын Сеул шаарында болуп өттү. Аталган чемпионатка Кыргызстандан да спортчулар катышып, байгелерди бөктөрүп келишти. Алардын бири 85 кг чен бирдикте күч сынашкан Бакыт Кадыров алтын байгеге ээ болуп, ал ушуну менен Азия чемпионатынын 5 жолку чемпиону болду. NazarNews Бакытты кыска сөзгө тарттык...

— Саламатсызбы, Бакыт мырза, байге кут болсун?

— Рахмат, сыйлык жалкы, сыймык жалпы демекчи, бул сыйлыкты мен алганым менен сыймык кыргыз элимдики деп билем...

— Бул Азия чемпионатына канча өлкөдөн спортчулар катышты жана сизден башка Кыргызстандан баргандар жеңишке жетише алдыбы?

— Жалпы 30тан ашык өлкө катышты. Кыргызстандан 19 спортчу катышты. Менден башка да балдар алтын, күмүш жана коло медаль алып келишти. Жалпы команданын медалдык эсеби менен караганда, Кыргызстан 2-орунду ээледик. Бул биз үчүн чоң сыймык болду.

— Чемпионатка барып келүү оңой эмес, дегеним, баары келип-келип эле каражатка такалат эмеспи. Сиздердин каражат маселесин ким көтөрдү?

— Ар ким өз каражатын өзү көтөрүү жолу менен барып келдик.

— Бул алтын медаль сиздин 5-жолку жеңишиңиз экен...

— Ооба, бул жолу да алтын медаль алуу менен Азиянын 5-жолку чемпиону аталдым. Кудайымдын колдоосу менен, үй-бүлөмдүн дем-күчү менен ушул жетишкендиктерди багындырып жатам деп ойлойм.

— Өзүңүз тууралуу кененирээк маалымат айта кетсеңиз?..

— Мен 1987-жылы Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында жарык дүйнөгө келгем. 5 бир туугандын эң кичүүсүмүн, менден улуу 4 эжем бар. Спорттун бул түрү менен 10 жылдан бери машыгып келем. Үй-бүлөлүүмүн, 2 кыз, 1 уулдун атасымын. Келинчегим Гүлдар ар дайым мени колдоп-коштоп келет.

Последние новости