www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакыт Орунбеков президентке сунушун айтты

Азыр өлкөдөгү бардык маселелерди талкуулап, баарлаша турган аянтча түзүү зарыл. Мындай пикирин журналист, окутуучу, саясат тануучу Бакыт Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Президентке кулак кагыш...

Акыркы убакта Кыргызстандагы абалды, кырдаалды эске алганда ушундай сунуш айтууга түртүп жатат. Жогорку бийликтеби, парламенттеби, жарандык коомдобу, бири-бирин укпаган, сиркеси суу көтөрбөгөн, жаатташкан тараптар көбөйдү. Ар бир тарап өзүнүкүн гана чындык деген эгоизм күчөдү.

Кандай системадагы мамлекет болбосун коомдогу бардык күчтөрдүн ойлорун угуу, баарлашуу болбосо өнүгүү болбойт. Азыр бийликтен сырткары турган саясий күчтөрдө, коомдук уюмдарда, өзгөчө жаштарда ж.б. жамааттарда ар кандай ойлор, мамлекетти өнүктүрүү боюнча баалуу сунуш пикирлер айтылып келатат. Андыктан өлкөдөгү бардык маселелерди талкуулап, баарлаша турган аянтча түзүү зарыл. Ошондуктан көп кечиктирбей «Улуттук диалог» форумун өткөрүүнү сунуштайт элем. Кандай ачуу болсо да бүгүнкү бийлик бардык пикирлерди угушу керек. Коомдун стабилдүүлүгү үчүн бул иш чараны өткөрүү азыркы бийликтин милдети деп билем», - деп белгилеген Орунбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости