www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылкы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан мал-мүлкү талкаланып, тонолгон жарандарга азыркыга чейин 84 миллион сомдук компенсация төлөнбөй жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов билдирди.

Ал "Ишеним" жана "Ынтымак" фракцияларынын Баткен облусунда болгон көчмө жыйынынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берген.

"Биз өткөн жылдын апрель-май айларындагы окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча аткарылган иштерди уктук. Үйлөрү өттөнгөн, малы уурдалган жарандардын тарткан зыяны жалпы суммасы 84 миллион сомду түзүптүр. Бул такталган маалымат. Министрлер кабинети алиге чейин ошол акчаны төлөбөй келиптир. Ал жерден өзүнчө тапшырма берип келдик. 1-мартка чейин ушул каражатты төлөп бериши керек", — деди Ормонов.

Ошондой эле депутат жергиликтүү тургундар жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүп беришин талап кылганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости