www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакыт Төрөбаев

"Агродиалог 2024" форумунун башкы максаты фермер менен экспортердун ортосундагы байланышты жөнгө салуу болуп саналат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Төрөбаев бул форумдун алкагында фермерлер менен экспортерлор сүйлөшүп пикир алмашуусу маанилүү экенин белгилеген.

"Түзүлгөн аянтчада кайсы товарды канча көлөмдө, кандай сапат менен чыгарып өндүрүү керектигин талкуулаган оң. Дыйкандар өндүргөн продукциясын кайда сатарын билбей жатышат. Өнөр жайда айыл чарба сырьёсу жетишсиз", — деген министр.

Ал ошондой эле биринчи кезекте продукциянын сапатына, таңгактоо, товарларды электрондук аянтчалар аркылуу сатуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурууга чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости