www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад милициясы жүргүнчүнү зордуктоого жана сүзүп кетүүгө шектүү айдоочу кармалганын маалымдады. Облустагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга 44 жаштагы жаран кайрылып, өзүн белгисиз бирөөлөр зордуктоого аракеттенишкенин жана автоунаа менен коюп кетишкенин айткан.

Маалыматка ылайык, окуя 23-февралда болжол менен саат 01:30 чамасында Жалал-Абад шаарында болгон. 1989-жылы туулган аялды белгисиз жарандар "жеткирип коебуз" деп машинеге салып кетишкен. Жолдо унаадагы адамдар аны зордуктоого аракеттенип, каршылык кылганда жолго калтырып, андан кийин унаа менен эки жолу сүзүп кетип калышкан. Бул окуядан соң жабырлануучу ооруканага жана милицияга кайрылган.

Арыздын негизинде Жалал-Абад шаардык милициясы ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, шектүү катары “Субару” автоунаасынын ээсин кармашкан. Машина айып токтотмосуна киргизилип, айдоочу милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости